Индия менен ЕАЭБ 2021-жылдын биринчи жарымында 6,5 млрд $ соода жүргүздү

18 сентября 2021, 14:00

Ушул жылдын январь-июнунда ЕАЭБ өлкөлөрү Индия менен 6,5 миллиард долларга соода жүргүзүштү, деп билдирди ЕЭК коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович ШКУ саммитинде.

Мясникович өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тараптардын соода жүгүртүүсү 7,6%га өскөнүн айтты.

2020-жылы соода 11,3% га кыскарып, 12,4 млрд доллар болгон. Эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсүнүн 2% ын Индия түзөт.