Жылдын биринчи жарымында бюджеттин чыгашалары 11,7% га көбөйдү

9 сентября 2021, 12:03

Мамлекеттик бюджеттин операциялык иштерге чыгымдары үстүбүздөгү жылдын алты айында 78 миллиард сомду же ИДПнын 28,8%ын түздү. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 11,7%га же 8,2 млрд сомго көбөйдү, деп билдирди Улуттук банк.

Экономикалык классификация боюнча чыгашалардын структурасында "башка чыгашалар" статьясын кошпогондо, дээрлик бардык беренелер боюнча чыгашалардын өсүшү байкалууда. Экономикалык классификация боюнча чыгашалардын структурасынын өзгөрүшү эмгек акынын, субсидиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы менен байланыштуу.

Функционалдык классификация боюнча чыгашалардын түзүмүндө чыгашалардын көбөйүшүнө эң чоң салымды мамлекеттик кызматка, экономикалык маселелерге, билим берүүгө, турак жай -коммуналдык чарбага кеткен чыгымдар кошту.