Кыргызстандагы банктык депозиттер бир айда 5 млрд сомго өстү

5 мая 2021, 11:50

2021-жылдын март айынын аягында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозит портфели 183,3 миллиард сомдон ашкан. Бир ай ичинде өсүш дээрлик 5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, депозиттердин көпчүлүгү улуттук валютада - 104 миллиард сом, калганы 80,3 миллиард - чет өлкө валютасында.

Сомдогу депозиттердин жылдык орточо чени 5,7%, чет өлкө валютасында 1,1%.