Бир айда коммерциялык банктардагы улуттук валютадагы депозиттер 4,6 млрд сомго көбөйдү

30 июня 2021, 09:45

Коммерциялык банктардын депозит портфелинин жалпы көлөмү 2021-жылдын май айынын акырына карата 193,3 млрд сом болду. Анын ичинен 109 миллиард сому улуттук валютадагы депозиттер, деп билдирди Улуттук банк.

Коммерциялык банктардагы улуттук валютадагы депозиттер 4,6 млрд сомго көбөйгөн, ал эми чет элдик валютадагы өсүш 247 млн ​​сомду гана түзгөн.

Эң чоң өсүштү эсептешүү эсептери көрсөткөн - 26,5 миллиард сомдон 30,3 миллиардга чейин. Мөөнөттүү депозиттер 50,9 миллиард сомго чейин көбөйгөн.