Бир айда ЕАЭБдеги керектөө бааларынын индекси 0,3% га өстү

17 сентября 2021, 12:20

ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси июль айында июнь айына салыштырмалуу 100,3%ды түздү.

2020-жылдын декабрына салыштырмалуу өсүш 4,7%ды, ал эми 2020 -жылдын июль айынан тартып 7,1%ды түздү.

2021-жылдын июлунда, 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө бааларынын эң чоң өсүшү Кыргызстанда (7%), Белорусияда (5,9%) жана Казакстанда (5,3%) байкалган. Россияда бул мезгилдеги керектөө бааларынын индекси 4,5%ды, Арменияда 3,3%ды түздү.