Бир айда кыргызстандыктар 600 млн сомго керектөө насыясын чогултту

29 сентября 2021, 13:20

Коммерциялык банктарынын керектөө кредиттеринин көлөмү августтун аягында 20 миллиард сомдон ашты. Бир айда өсүш 600 миллион сомду түздү, деп билдирди Улуттук банк.

Белгилей кетсек, банктардын жалпы кредиттик портфели 174 миллиард сомдон ашат, орточо чен 14,1%. Керектөө кредиттеринин орточо ставкалары 20%дан ашат.