Тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсепке бир айда 1 млн сом которулган
Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн ачылган атайын депозиттик эсепке бүгүнкү күнгө карата 1 млн 29 миң сом топтолду. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.
2021-жылдын 1-январга карата эсепте 1 млн 29 миң сом бар:
- физикалык жактардан — 1 млн сом;
- юридикалык жактардан — 29 миң сом.