Бир айдын ичинде комбанктардагы депозиттердин көлөмү 833 млн сомго көбөйдү
Июлдун аягында кыргыз коммерциялык банктарынын депозиттик портфели 202,6 миллиард сомго жеткен. Улуттук банктын отчетунда айтылгандай, бир айда өсүш 833 миллион сомду түздү.
Орточо пайыздык чен 3,8%га чейин жогорулады. Улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү 116,6 млрд сом, чет өлкөлүк валютада - 86 млрд сом болду.