Улуттук банктын алтынынын унциясы бир айда 10 миң сомго арзандады

20 июля 2022, 11:35

Алтындын унциясын кайра сатып алуу 20-июлга карата 142 миң 66,5 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

20-июндан тарта алтындын унциясы арзандай баштады. Анда сатуу баасы 152 миң 88,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир айда бир унция 10 миң 22 сомго же 125,8 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн алтындын унциясын 182 602 сомдон сатып алууга болот.