Бир айдын ичинде Кыргызстандын ички карызы 213 млн сомдон ашты

31 мая 2021, 17:15

Май айынын аягында Кыргызстандын ички карызынын жалпы көлөмү 59 миллиард 113 миллион 472,1 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук банктан белгилүү болду. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 29-апрелине карата карыз 58 900 272,1 миң сомду түзгөн. Ошентип, бир айдын ичинде ички карыз 213 миллион 200 миң сомго көбөйдү.

Ички карыздын өсүшү мамлекеттик казына облигацияларынан карыз алуунун көбөйүшүнөн улам болгон.