Мыйзам бузгандыгы үчүн Улуттук банк акча алмаштырган жайдын лицензиясын токтотту
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алты күнгө токтотту. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, 5-октябрдан 11-октябрга чейин "Байкут и Ко" ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулган.
Компания Бишкекте иштейт.