Биткоин бир жумада 13 пайызга төмөндөдү

20 сентября 2022, 10:20

Бүгүн биринчи криптовалюта 19,3$ деңгээлинде бааланууда. Маалыматтар Tradingview порталында берилди.

Кечээ эле биткоиндин баасы 18,3 миң долларды түзүп, бирок күндүн акырына карата криптовалюта өсүштү көрсөтүп, 19,6 миң долларга жетти.

Бирок, бир жума мурун биткоин 22,4 миң долларды түзгөн. Ошентип, жума ичинде криптовалюта өз наркынын 13%, же 3,1 миң доллар жоготкон.

Бүгүнкү күндө биткоиндин жалпы рыноктук капитализациясы 371,13 миллиард долларды түзөт.