Апта ичинде бизнес биржага 13,4 млн сом тартты

11 сентября 2021, 13:11

Бир жуманын ичинде бизнес Кыргыз фондулук биржасынын баштапкы рыногунда 13 миллион 449 миң сомдук капиталды тартты.

Бир апта ичиндеги сооданын жалпы көлөмү 28,08 миллион сомду түзгөн, ал эми баштапкы рынок жалпы көлөмдүн 47,88% ын ээлеген.

Өткөн жумада эң ири бүтүмдөр "Алтын Күн" ААКсынын (12,6 миллион сом), ААК “Салым финанс” микрофинансылык компаниясынын (10,4 миллион сом) жана "Первая Металлобаза" ЖЧКсынын (3 миллион сом) баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн.