Өлкөдө бир жумада бадыраңдын баасы 18,7% кымбаттады

25 ноября 2022, 17:54

Бир жумада Кыргызстанда бадыраңдын баасы 18,7%га кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бир килограмм бадыраңдын баасы 155,3 сомду түзүүдө.

Белгилей кетсек, бир жума ичинде канттын баасы 1,2%га жана ундун биринчи сорту 0,7%га төмөндөдү.