Бир жума ичинде Илон Маск 2.1 млрд $ киреше тапты

27 января 2020, 10:19

Tesla электр унааларынын өндүрүүчүсүнүн капиталы 100 миллиард доллардан ашты. Бул аталган ишкананы АКШдагы эң бай унаа өндүрүүчүсүнө айландырып, ал эми анын жетекчиси Илон Маскты 5,4 миллиард долларга байытты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы кабарлады.

Миллиардердин капиталынын өсүшүнүн туу чокусу 20-23-январь күндөрү байкалып, анда анын активдеринин суммардык көрсөткүчү 30,9дан 33 миллард долларга чейин өскөн. Ал эми 2019-жылы  Илон Масктын активдери жалпысынан 10 миллиард долларга көбөйгөн.

Илон Масктын негизги инвестициялары альтернативдик электрэнергиясы жана SpaceХ ишканасыны көрсөткөн космостук жана коммерциялык кызматтарына байланыштуу.