Бир жумада комбанктар валюта соодасында 22 млн доллардан ашык сатып алышты
Апта ичинде банктар аралык валюта рыногунан коммерциялык банктар 22 миллион 400 миң доллар сатып алышты. Бул маалымат жөнгө салуучу органдан белгилүү болду.
Алардын ичинен коммерциялык банктар 5 миллион 950 миң долларды сооданын биринчи күнүндө, валютага суроо-талап эң жогору болгон дүйшөмбүдө, 3-мартта сатып алышкан.
Апта башында доллар аукциондо 87,42 сомдон сатылса, апта соңунда анын баасы өзгөргөн жок.