Кыргызстан бир жумада 16,4 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду

27 сентября 2021, 11:10

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмүнүн кызматкерлери 2021-жылдын 17-сентябрынан 23-сентябрына чейин экспорттоого багытталган 16,4 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн аптага салыштырмалуу товар 2,6 миңге көп экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар текшерилип, экспорттолуучу продукциянын үлгүлөрү алынды, тышкы экономикалык иштин катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттары жана сактоо эрежелеринин сакталышы менен таанышты.