Бир жумада банктар аралык соодада доллардын наркы 2,3%га жогорулады

25 апреля 2022, 10:07

Өткөн жумада Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта базарынан 44 млн 820 миң доллар сатып алышкан. Мындай маалыматтарды Улуттук банктан маалымдады.

Америка валютасынын бирдигин орточо сатып алуу курсу 82,235 сом деңгээлинде болду. Дүйшөмбү күнү, 18-апрелде соода 81 сом менен ачылса, ал эми жума күнү, 22-апрелде сооданын жабылуу курсу 82,86 сомду түздү. Жума ичиндеги өсүш 2,3%ды түздү.

Кошумчалай кетсек, мурдагы жумага салыштырмалуу коммерциялык банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап дээрлик эки эсеге өскөн.