Улуттук банк бир жумада валюта сатуучуларга 70 миң сом айып салды

9 декабря 2022, 13:59

Бүгүн, 9-декабрга карата Улуттук банк укук коргоо органдары менен биргеликте лицензиясы жок 121 акча алмаштыруучу жайды текшерди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, тышкы көзөмөлдүн алкагында Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, 263 эскертүү буйругу жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун 47 жолу лицензиялары токтотулду. Ошондой эле, 6 акча алмаштыруучу жай жокко чыгарылып, дагы 23үнө 1 млн 265 миң сом айып пул салынды. 

Мындан тышкары, жөнгө салуучу орган тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга 58 текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 43 адамга 17,5 миң сомдон айып салынган. Жалпы суммасы 752,5 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, 2-декабрга карата мыйзамсыз валюталык операциялар үчүн айып салынган жеке жактардын жалпы суммасы 682,5 миң сомду түзгөн. Башкача айтканда, 2-декабрдан 5-декабрга чейин Улуттук банк валюта соодагерлерине 70 миң сом (же төрт жеке адамга) айып пул салган.