Бир жуманын ичинде орустар 5,7 млрд рублга iPhone 13 сатып алышты
Өткөн аптада Орусияда 53,5 миң iPhone 13 телефону сатылган. Коммерсанттын маалыматы боюнча сатуунун суммасы 5,3 миллиард рублга жеткен.
Базардагылардын айтымында, жаңы iPhone телефондоруна суроо-талап күтүлгөндөн үч эсе жогору. Бул жагдайды алар өткөн жылы Apple продукциясын сүйүүчүлөр 2020-жылы жаңы телефондорду сатып албоону чечкени менен түшүндүрүшүүдө.