Бир апта ичинде сом орус рублине карата 2% га арзандады

4 августа 2021, 14:00

2021-жылдын 27-июлунан тартып орус рубли кыргыз сомуна карата өсө баштады. Буга чейин 1 рубль 1,13 сомго бааланса, 4-августка карата наркы 1,16 сомго чейин жогорулап, 2% га кымбаттады.

Ошол эле мезгилде АКШ доллары 0,5 сомго кымбаттады, эгер 26-июлда 84,2 сомго бааланса, азыр курс 84,7 сомго жетти.

Жакшы динамиканы евро көрсөттү. Апта ичинде валюта 4% га жогорулап, 99,1 сомдон 100,6 сомго жетти.