Бир жума ичинде биткоиндин наркы 6,6% га жогорулады

7 июня 2021, 09:10

Биткоиндин наркы кайрадан көтөрүлө баштады. Сoinmarketcap крипто биржасынын сайтында маалымдалгандай, жума ичинде криптовалюта 6,6% га жогорулап, дээрлик 37 миң долларга жетти.

Күндүн ичинде эң кымбат криптовалюта 1,4% га көтөрүлдү. Жалпысынан, өсүш динамикасы биржанын дээрлик бардыгында байкалат. Мисалы, Ethereum бир жумада 22,3% га жогорулады. Азыр анын баасы 2,9 миң долларды түзөт.