Бир жумада Баткенде көмүр 17.5% кымбаттаган

18 октября 2019, 17:30

Баткен облусунда эң кымбат көмүрдүн 1 тоннага болгон баасы – 8.5 миң сомду түзөт. Бир жума ичинде көмүргө болгон баа 17.5% көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук стаистика комитети билдирет. 

Кыргызстандын калган шаарларында баалар өзгөргөн эмес – бир тоннага болгон орточо баа 4.5 миңди түзөт. 

Жогору коюлган баа, андан сырткары Кара-Суу шаарында дагы байкалган (7.7 миң сом), Ноокатта – (6.9 миң сом) жана Ош шаарында (6.2 миң сом).