Бир жумада Улуттук банктын алтын унцийи 7.46 долларга арзандады

7 августа 2023, 09:50

Кыргызстандын Улуттук банкынын 7-августка карата алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 176 миң 296.5 сом деп белгиленди.

Буга чейин 31 июлда көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 176 миң 951,5 сомго сатып алган. Ошентип, бир жума ичинде баа 655 сомго же 7.46 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 178 миң 940.5 сомдон сатып алууга болот.