Бир аптада алтындын унцийи 2,9 миң сомго кымбаттады
18-25-октябрга чейин Улуттук банктын аффинаждалган куймаларынын унциясы 2996,5 сомго арзандады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 25-октябрда алтындын бир унциясын кайра сатуу 159 миң сомду түзөт. Бир апта мурун ушундай эле салмактагы куйманын баасы 156 миң 4 сом болчу.
Ал эми бүгүн алтындын бир унциясын Улуттук банктан 161 миң 385,5 сомго сатып алса болот.