Кыргызстан 4,2 млрд сомдон ашык дивиденд алды

9 января 2023, 09:00

Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко ылайык, Кыргызстанга дивиденд түрүндө 4 миллиард 272 миллион 775,3 миң сом түшкөн.

Анын ичинен ноябрь айында казынага 104 миллион 883,6 миң сом түшкөн. Бул сумма мамлекеттик жана муниципалдык акциялар пакетине чегерилип, толугу менен республикалык бюджетке чегерилген.

Кошумчалай кетсек, мындан тышкары мамлекетке Улуттук банк жана мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан которулган 6 миллиард 67 миллион 894,6 миң сом киреше түшкөн. Сумманын басымдуу бөлүгүн Улуттук банктын бюджетке түшкөн пайдасы – 5,8 млрд сом түзөт.