Кыргызстандын валюталык резерви 30 млн долларга көбөйдү

25 февраля 2022, 09:05

22-февралга карата Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви 2 млрд 792,4 млн долларды түзөт. Бул тууралуу маалымат бир күн мурун борбордук банктын сайтына жарыяланды.

Банктын маалыматына ылайык, Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат.

Ошол эле учурда январь айынын аягында резерв 2 млрд 762,4 млн долларга бааланган. Башкача айтканда, 22 күндүк өсүш 30 млн долларды түздү. Ага чейин өткөн жылдын декабрь айынан бери кор 6,2%га же 185,16 млн долларга азайган.

Кошумчалай кетсек, бул убакыт аралыгында Улуттук банк валюта рыногуна чыгуу менен сомдун курсун колдоо үчүн 169 млн 650 миң доллар жумшаган.