«Кадастр» мекемесинин кызматкерлери жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды

5 июня 2023, 10:51

Жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

"Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 2-июнунда УКМК кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышкан.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.