Жаңы жылдык майрамдарда Кыргызстанда алтындын баасы 0,7% арзандады

10 января 2022, 12:21

Кыргызстанда өлчөнгөн алтын куймаларынын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Жаңы жылдык майрамдарда алтындын унциясы 0,66%га арзандады. Мындай тыянакты Улуттук банк тарабынан жарыяланган маалыматтардын негизинде жасоого болот.

Алсак, 31-декабрга карата 31,1 грамм салмактагы алтынды кайра сатып алуу баасы 158 миң 744,5 сомду түзсө, 10-январда сунуш 157 миң 696 сомго же 12,4 долларга төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, жыл ичинде унциянын баасын эске алсак, анда 2020-жылдын 11-январына салыштырмалуу баа да 1,71%га же 32,45 долларга төмөндөгөн.