Бир күндө Улуттук банктын алтын унцийи 11,14 долларга арзандады

20 июня 2023, 12:55

Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийи бир күндө 975 сомго же 11,14 долларга арзандады. Мындай маалыматтар аталган банктын сайтында берилген.

Ошентип, бүгүнкү күндө алтын куймасынын унцийин кайра сатып алуу 176 миң 363 сомду түздү. Кечээ, 19-июнда кайра сатып алуу баасы 177 миң 338 сомду түзгөн.

Муну менен бирге Улуттук банктан алтындын унций сатып алуу баасы 179 миң 8,5 сом деп белгиленди.

Мындан бир жума мурун алтындын унцийин кайра сатып алуу баасы 176 миң 738 сомду түзгөнүн кошумчалайбыз. Башкача айтканда, бул куйма бир жумада 375 сомго арзандаган.