Бир күндө алтын куймалары 6,24 долларга кымбаттады

25 октября 2022, 09:15

Улуттук банктын алтын куймасынын бир унциясы бир күндө 516 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бүгүн алтын куймасынын унциясын кайра сатып алуу 141 миң 954 сомду түздү.

Кечээ, 24-октябрда кайра сатып алуу баасы 141 438 сомду түзгөн. Ошентип, өлчөнгөн алтын куймасынын унциясынын баасы 6,24 долларга кымбаттады.

Ошол эле учурда, Улуттук банктан алтындын унциясын сатып алуунун баасы 166 миң 276 сом деп белгиленди.