2020-жылдын биринчи кварталында курулуш тармагынын дүң продукциясы 17.8 млрд сомду түзгөн
Курулуш тармагындагы дүң продукциянын 2020-жылдын январь-март айларындагы көлөмү 17 млрд 863.2 млн сом же 97.4% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Белгилей кетсек, башкы капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 2020-жылдын январь-март айларында 93.7% же 17 млрд 941.9 млн сомду түзгөн.
2019-жылдын январь-март айындагы башкы капиталдагы инвестициянын көлөмүнө салыштырмалуу ички булактар аркылуу каржылоо 5 % төмөндөп кеткен.
Башкы капиталга тартылган инвестициянын көлөмү Талас облусунан сырткары, башка региондордун бардыгында кыскарган.
Аймактарга тартылган инвестициялардын январь-март айларындагы көлөмү төмөндөгүчө:
Январь-мартта аймактар боюнча негизги капиталга инвестициялар
|
Млн. сом |
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыздар менен |
||
---|---|---|---|---|
2019 |
2020 |
2019 |
2020 |
|
Кыргыз Республикасы |
18 929,3 |
17 941,9 |
101,2 |
93,7 |
Баткен облусу |
220,7 |
192,9 |
55,1 |
86,4 |
Жалал-Абад облусу |
2 437,6 |
1 755,3 |
100,6 |
71,2 |
Ысык-Көл облусу |
5 937,2 |
5 236,9 |
101,1 |
87,2 |
Нарын облусу |
371,8 |
281,6 |
112,8 |
74,9 |
Ош облусу |
700,8 |
555,2 |
44,8 |
78,4 |
Талас облусу |
757,1 |
1 863,5 |
173,4 |
243,4 |
Чүй облусу |
2 061,7 |
1 718,8 |
102,0 |
82,4 |
Бишкек ш. |
5 910,7 |
5 814,9 |
115,0 |
97,3 |
Ош ш. |
531,7 |
522,8 |
101,6 |
97,2
|