Былтыр 11 айда эң көп сүт Чүй облусунда өндүрүлдү

9 января 2023, 09:37

Өткөн 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда сүт өндүрүү 2%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Ар бир саан уйдан алынган орточо сүт 1848,7 килограммды түздү. Орточо республикалык деңгээлден жогору сүт саап алуу Чүй (2 миң 764,6 кг), Талас (2 миң 99,6 кг) жана Ысык-Көл (1 миң 976,6 кг) облустарынын чарбаларында байкалды.

Ошол эле учурда республика боюнча эң көп сүт Чүй облусунда, Жалал-Абад жана Ош облустарында өндүрүлгөн.