Он бир айдын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардан бюджетке 12,8 млрд сом түшкөн

11 декабря 2021, 13:42

2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын республикалык бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан иш жүзүндө 12 миллиард 807 миллион сом түштү, деп жазды Каржы министрлиги.

Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруунун эсебинен мамлекеттик казынага 753,1 млн сом түштү.

Ошол эле учурда казыналык милдеттенмелерди чыгаруудан бюджетке негизги сумма же 12 миллиард 53,9 миллион сом болгон.