Эки ай ичинде мамкарызды төлөөгө дээрлик 5 млрд сом бөлүнгөн

16 марта 2021, 10:20

2021-жылдын январь-февраль айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамкарызын төлөөгө 5.4 млрд сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында маалымдалат. 

 

Муну менен катар, тышкы карызды төлөөгө 3.04 млрд сом, ички карызга — 2.4 млрд сом жумшалган. 

Кошумчалай кетсек, 1.4 млрд сом ички жана тышкы карыздын үстөк пайызын төлөөгө багытталган.