Биринчи кварталда Кыргызстан өткөн жылдын көлөмүнөн инвестициянын 64%ын алды

22 сентября 2022, 10:25

Жылдын биринчи кварталында Кыргызстан 2021-жылдагы инвестициянын жалпы көлөмүнөн 63,8% инвестиция алды. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Ошентип, жалпысынан 2021-жылы Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 89 миллион доллар түз инвестиция келип түшсө, ушул жылдын биринчи кварталында анын көлөмү 56,8 миллион долларды түздү.

Эксперттердин белгилешинче, тике инвестициялардын агымынын байкаларлык өсүшү Беларуста да байкалат (2022-жылдын 1-кварталына 685,5 млн. доллар).

Өз кезегинде Арменияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын көлөмү 35%га (23,9 млн доллар) кыскарган.

Белгилеп кетсек, ЕАЭБдин негизги инвестору Орусия болуп саналат, 2022-жылдын 3 айында ал биримдиктин өлкөлөрүнө 1 миллиард 90,4 миллион доллар инвестиция салган.

Ошондой эле, Россия Федерациясы Кыргызстан үчүн да негизги инвестор болуп саналат, бул жылдын биринчи кварталында анын көлөмү 47,6 миллион долларды түздү.

Казакстанда 2022-жылдын биринчи кварталында түз инвестициялар 2,3 эсеге өсүп, 338,1 миллион долларды түздү.