Алты айда 30 миңден ашуун жаранга пенсия чегерилген

6 июля 2021, 12:00

Социалдык фонд 2021-жылдын январь-июнь айлары үчүн 30 миң 757 жаранга пенсия чегерди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн айда эле 5 миң 907 кыргызстандыкка пенсия дайындалган. Мындан тышкары, 959 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, окугандыгы жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелген.

Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда 700 миңден ашуун пенсионер бар.