Жарым жылда 101.2 млн сом бажычылар тарабынан казынага кайтарылды

12 июля 2019, 12:36

Жарым жыл аралыгында  Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы мамлекеттик казынага 101.2 млн сом каражатты кайтарды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган, алардын ичинен:

1. Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулады.

Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн. сом суммасына өндүрүлдү.

Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн.сом суммасына төлөндү.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга жогорулады .Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулду.

Бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 101,2 млн. сомду түздү  деп жазылган маалыматта.