Жарым жылда мамлекеттик карыз 20,2 млрд сомго жетти

27 июля 2023, 10:05

Ушул жылдын алты айында Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы боюнча 20 миллиард 196 миллион сом төлөнгөнүн республиканын Каржы министрлиги билдирди.

Бул акчанын негизги бөлүгү же 13,8 миллиард сому тышкы карыз боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөгө, 6,4 миллиард сому ички карызды төлөөгө кеткен. 

Июль айында кассалык план боюнча министрлик мамлекеттик карызды төлөөгө дагы 1,9 миллиард сом бөлөөрүн кошумчалайбыз.