Жарым жылда Кыргызстандан 685,8 млн сомго балык экспорттолду

14 августа 2023, 10:22

Алты айда Кыргызстандан 685 миллион 800,9 миң сомго 1 миң 716,9 тонна тирүү, жаңы, муздатылган жана тоңдурулган балык экспорттолду. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин сайтында берилген.

Балыктын көбү (658 млн 992,7 миң сомго 1 миң 646,6 тонна) Россияга экспорттолгон. Январдан июль айына чейин Казакстанга 26 миллион 808 миң 200 сомго 70,3 тонна жеткирилген.

Кошумчалай кетсек, алты айда балык экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,06% өскөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2022-жылдын алты айында Кыргызстандан 1208,6 тонна балык экспорттолгон.