Кыргызстандыктар электрондук капчыктарды 11,5 млрд сомго толукташты

29 августа 2022, 09:50

Ушул жылдын январь-июнь айларында кыргызстандыктар төлөм уюмдары аркылуу 11 миллиард 464,9 миллион сомго электрондук капчыктарды толукташты. Бул статистика жөнгө салуучу органдан маалым болду.

Электрондук капчыктарга болгон ишеним, капчыктардын статистикасына караганда, жылдан жылга өсүүдө. Алсак, эгер 2018-жылы Улуттук банк капчыктар боюнча статистиканы жүргүзө баштаганда кыргызстандыктар төлөм уюмдары аркылуу капчыктарга 4,9 миллиард сом салса, 2021-жылы 14 миллиард 70,4 миллион сом болгон. Көрсөткүч дээрлик үч эсе өстү.

Ошону менен бирге, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын көрсөткүчтөрү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 851,8 млн сомдон 96%га ашты.