Мамлекеттик карызды тейлөөгө 20 млрд сомдон ашык каражат жумшалды
Алты айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 20,1 млрд. сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Белгилеп кетсек, мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн негизги бөлүгүн тышкы карыз камсыздайт- 13 млрд 786,1 млн сом. Өз кезегинде ички карызды жабууга 6 млрд. 409,9 млн. сом сарпталган.
Өткөн жылдын май айынын маалыматтарын кошпогондо салыштырып көрсөк, алар Каржы министрлигинин сайтында жок болгондуктан, төлөмдөрдүн көлөмү 23,3%га өскөн.