Камсыздандыруу компаниялары жарым жыл ичинде 188,6 млн сом киреше тапкан

20 августа 2021, 11:49

Кыргызстанда иштеген 14 камсыздандыруу компаниясынын 12си ушул жылдын январь-июнь айларындагы иштин жыйынтыгы боюнча киреше тапкан, деп жазды республиканын Улуттук статистикалык комитети.

12 камсыздандыруу компаниясынын чогуу алгандагы пайдасы 188,6 млн сомду түзгөн, ал эми эки компания 12,9 млн сом суммасында зыянга учураган.

Алардын дүң кирешеси 848,6 миллион сомду, ал эми чыгашалары 772,1 миллион сомду түзгөн.