Кыргызстанда жарым жыл ичинде 5 миң жаңы үй курулган

15 июля 2021, 14:30

Ушул жылдын алты айында 4950 турак үй курулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53% га көп. Бул тууралуу статкомитет билдирди.

Алардын көпчүлүгү Ош облусунда (1013), андан кийин Жалал-Абад облусу (904) жана Чүй облусу (604), ал эми эң аз үйлөр Баткен (254) жана Талас облустарында (313) курулган.

Ошондой эле, бул мезгил аралыгында жалпы республика боюнча эки жаңы мектеп жана сегиз мектепке чейинки билим берүү мекемелери курулган.