Аскердик билет саткан комиссариаттын башчысы кармалды

12 сентября 2022, 13:45

Райондук комиссариаттардын биринин башчысы кармалып, коррупцияга айыпталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аскердик билеттерди мыйзамсыз чыгаруу боюнча чынжыр түзүүгө шектелүүдө. Учурда УКМК бул иштин башка катышуучуларын аныктоодо.

Белгиленгендей, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.