Беш күндө алтындын унцийи 2 миң 641 сомго кымбаттады

10 ноября 2021, 10:28

Улуттук банктын 5-ноябрдан 10-ноябрга чейин аффинаждалган куймаларынын унциясы 2641 сомго кымбаттады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө алтын куймаларынын бир унциясы 160 миң 638 сомду түздү. Беш күн мурда кайра сатып алуу баасы 157 997 сомду түзгөн.

Бүгүн алтындын унций сатуу баасы 163 миң 47,5 сом болууда.