Беш жыл ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ипотекалык портфели 56,6% га өстү

29 июля 2021, 15:06

Июнь айынын аягында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ипотека портфели 17 миллиард 726 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Беш жыл ичинде ипотекалык насыялардын өсүшү 56,6% дан ашты. 2016-жылдын июнь айынын аягында берилген ипотека насыясынын көлөмү 7,7 млрд сомду түзгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде ипотека портфели 15,7 миллиард сомго жеткен.