Мамлекеттик кагаздарды кошумча жайгаштыруудан бюджетке 56 млн сом тартылды

15 марта 2021, 15:18

15-мартта 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар кошумча жайгашылды. Эмиссиянын жалпы көлөмү 56 млн сомду түзөт. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

 

Баалуу кагаздар боюнча киреше 11.1% түздү. 

Белгилей кетсек, казынага 200 млн сом тартуу пландалган. 12-мартта жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 57.4 млрд сомду түздү.