Ысык-Көлдө кыргыз-орус бизнес форуму өтүп жатат

19 августа 2021, 11:06

Бүгүн, 19-августта, Чолпон-Ата шаарында III кыргыз-орус бизнес форуму өтүүдө. Анын алкагында, алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров сөз алып, Кыргызстан менен Орусияны байланыштырган көп багыт бар экенин баса белгиледи.

"Тактап айтканда, бул энергетика, тоо -кен, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай өндүрүшү жана туризм сыяктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү", - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, экономиканын маанилүү көрсөткүчү болуп өткөн жылы 640 миллион долларды түзгөн эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү саналат.

"Бул чек эмес жана бул жерде 1 миллиард доллар, ал тургай 2 миллиард долларга чейин чоң потенциал бар деп айтышым керек", - деди вице-премьер.