Жети айда Кыргызстандын мамлекеттик бюджети профицит менен аткарылды

7 сентября 2023, 09:09

Жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси 209,3 миллиард сомду түзсө, анын 190,3 миллиард сому республикалык бюджеттин, дээрлик 26 миллиард сому жергиликтүү бюджеттин кирешеси болуп саналат.

Ошону менен бирге, каралып жаткан мезгилде мамлекеттик бюджеттин чыгашалары финансылык эмес активдерди эсепке алуу менен 202,4 млрд сом болду. Ошентип, бюджеттин профицити 6,9 миллиард сомду түздү.

Кошумчаласак, республикалык бюджет 4,2 миллиард сом жана жергиликтүү бюджет 2,7 миллиард сом профицит менен аткарылган.